Кыргызстан, Чүй облусу
11 фев 2021

ПАНДЕМИЯ МААЛЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК

ПАНДЕМИЯ МААЛЫНДАГЫ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК
Эксперттер үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп жатканын жана Кыргызстанда эпидемия жана өзгөчө кырдаал киргизилген маалында күчөгөндүгүн айтышууда. КР ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын январь айынан март айына чейин Кыргызстандын укук коргоо органдары үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 2319 фактыны катташкан. Бул көрсөткүч 2019-жылдагы маалыматка караганда 65%га көп.
Окуянын түрү:
Физикалык кол салуу
Окуянын мүнөзү:
  • сабоо
  • сексуалдык зомбулук
  • ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК
Окуянын датасы:
11 мар 2021
Болгон жери:
Кыргызстан, Чүй облусу
Ким жабыр тартты:
аялдар
Жабыр тарткандардын саны:
2319
Жарыяланган датасы:
11 фев 2021

Эксперттер үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып, Кыргызстанда абал эпидемия жаңы башталып, өзгөчө чаралар киргизилген чакта оорлогонун баса белгилеп жатышат.

КРнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2020-жылдын январынан март айына чейин Кыргызстандын укук тартибин коргоо органдарына үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 2319 кайрылуу келип түшкөн. Бул 2019-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда 65% жогору көрсөткүч.

Жабыркагандардын 95% — жаш курагы 21ден 50гө чейинки аялдар.

Укук тартибин коргоо органдары үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 105 жазык ишин козгоп, 214 убактылуу коргоо ордерин жазып беришкен.

Социологдордун айтымында, катталган окуялардын көпчүлүгү көрүнбөгөн бойдон кала берүүдө, себеби аялдар COVID-19ду жугузуп алуудан коркуп, жарааттарын ооруканадан каттатуудан баш тартып коюшкан. Көпчүлүгү милиция аларды коргобой коет деп ойлоп, зөөкүр менен кайра эле чогуу жашоого туура келеринен кооптонгондуктан укук тартибин коргоо органдарына арыз жазуудан коркушат.

Кыргызстандын бир катар өкмөттүк эмес уюмдарынын жана “БУУ-аялдар” комитетинин изилдөөчүлөрү COVID-19дун Кыргызстандагы эркектерге жана аялдарга таасири тууралуу баяндамасында бир катар сунуштарын келтиришти. Алардын арасында ыкчам гендердик чара көрүү, өзгөчө кырдаалдын (ӨК) кесепеттерин азайтуу аракеттерин камсыз кылуу үчүн мамлекетте так нускамаларды жана иш процедураларын калыптандыруу зарылчылыгы бар.

Макала Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин “Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн “COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылды.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.