Кыргызстан, Баткен облусу
12 фев 2021

ПАНДЕМИЯ МИГРАНТТАРДЫ ДАГЫ ДА АЛСЫРАТТЫ

ПАНДЕМИЯ МИГРАНТТАРДЫ ДАГЫ ДА АЛСЫРАТТЫ
34 жаштагы Улугбек пандемия күчөп турган чакта эмгек миграциясынан Баткен облусуна кайтууга аргасыз болгон. Орусияда ал курулушта ар кайсы жумушта иштечү. Бул өлкөдө COVID-19га каршы чаралардын алкагында курулуштар, ресторандар, азык-түлүктөн башка товар сатылуучу дүкөндөр жана көптөгөн кызматтар 2020-жылдын март айынан апрелдин аягына чейин жабык болушу ошол жакта иштеген миңдеген эмгек мигранттарына таасирин тийгизди.
Окуянын түрү:
COVID-19
Окуянын мүнөзү:
  • маянанын, жашоого каражаттын жоктугу
Окуянын датасы:
2 июл 2020
Болгон жери:
Кыргызстан, Баткен облусу
Ким жабыр тартты:
трудовой мигрант
Жабыр тарткандардын саны:
1
Жарыяланган датасы:
12 фев 2021

34 жаштагы Улугбек пандемия күчөп турган чакта эмгек миграциясынан Баткен облусуна кайтууга аргасыз болгон. Орусияда ал курулушта ар кайсы жумушта иштечү. Бул өлкөдө COVID-19га каршы чаралардын алкагында курулуштар, ресторандар, азык-түлүктөн башка товар сатылуучу дүкөндөр жана көптөгөн кызматтар 2020-жылдын март айынан апрелдин аягына чейин жабык болушу ошол жакта иштеген миңдеген эмгек мигранттарына таасирин тийгизди.

Карантин айрыкча расмий эмес жумушта иштеген мигранттар үчүн оор сокку болду. Бул – ишин миграцияны жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базага карабастан жумушчуларды “көмүскө келишимдин” негизинде жүргүзгөн жумуш берүүчүлөр жалдап иштеткен адамдар.

Адатта мындайга документи жайында эместер же келишим түзбөстөн, баарын тобокелге салып,  эптеп бир жумушка макул болуп, жалданып иштеген мигранттар туш болушат.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалыматына караганда, COVID-19 учурунда Кыргызстандын Орусиядагы жарандарынын 60 проценттен ашыгы жумушсуз жүрүштү. Расмий эмес иштегендер боюнча так сан жок, бирок мигранттардын айтымында, “андайлар көп”.

Кыргызстанга кайтып келгенде Улугбек кыйынчылыктар анын өлкөсүн да кыйгап өтпөгөнүн көрдү.

Үйүнө ага чейин эле, 2020-жылдын кыш мезгилинде келген сезондук мигранттар карантиндин айынан чек аралар жабылып калгандыктан чыга албай калышты.

Мунун айынан жумушсуздук көбөйүп, жергиликтүү эмгек рыногундагы – курулуштагы, тейлөө тармагындагы жана айыл чарбасындагы болгон бош орундарга атаандаштык жогорку деңгээлге чыкты.

«Мен Баткен облусунда калып, жергиликтүү курулуштарда иштөөгө аракет кылмай болдум,- дейт Улугбек.- Эгер болбой калса багбанчылык менен алектенем, келечек азырынча бүдөмүк».

Улугбек келечектен кооптонуп, кедейчиликке кептелүү ыктымалдыгын сезип жатканын айтууда.

«Үй-бүлөнү багып, картаң ата-энеме жардам беришим керек. Мамлекеттен жардам күтпөйм», – дейт ал.

COVID-19 ага чейин болуп келген проблемаларды ого бетер курчутуп, көптөгөн эмгек мигранттарын жашоо үчүн жанталаша күрөшүүгө аргасыз кылды. Бул көйгөй айрыкча эмгек мигранты болуп жүргөн жакындары жөнөтүүчү акчага күн көргөн айылдык үй-бүлөлөргө таасирин тийгизди.

КРнын Улуттук банкы билдиргендей, жалпысынан акча которуунун көлөмү 2020-жылдын январь айынан июлуна чейин ага чейинки жылдын ошол эле мезгилине салыштырганда 10 процент аз болду.

БУУнун КРдагы Өнүктүрүү программасы мындай төмөндөө үй чарбаларындагы, айрыкча жакырчылык менен жумушсуздуктун деңгээли жогору болуп келген айыл жергесиндеги абалга терс таасирин тийгизерин билдирди.

Бул эл аралык уюмдун баяндамаларында белгиленгендей, “коңшу өлкөлөрдөгү жана жалпы дүйнө жүзүндөгү ортоңку класстын кирешесинин күтүлүп жаткан жалпы төмөндөөсү да, мүмкүн, негизги фактор болду».

КРнын Теңчилик үчүн Коалициясынын COVID-19дун басмырлоого тийгизген таасири боюнча абалды талдаган эксперттери белгилегендей, пандемия эмгек мигранттары, айрыкча расмий эмес жумушта иштеп жүрүп, кирешесинин жалгыз булагынан ажырагандар туш болгон проблемаларды алдыңкы планга чыгарды.

Коалиция олуттуу программалар талап кылынарын, Кыргызстандын өзүндө жумуш орундары түзүлүшү керектигин жана эмгек мигранттары эпидемия учурунда туш болгон жоготууларды теңдеш үчүн мамлекет аралык деңгээлде инвентаризация жүргүзүлүшү зарылдыгын айтууда.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 6,5 миллиондук калкынын 800 миңден ашууну Орусияда иштеп жүрөт.

КРнын Улуттук статистика комитетинин 2019-жыл боюнча маалыматында айтылгандай, өлкө тургундарынын бештен бир бөлүгү жакыр деп эсептелет (20,1%), башкача айтканда, 1,3 млн кыргызстандык бир күндө 1,5 долларга жетпеген акчага оокат кылат. Эгер мигранттар акча которуп турбаса жакырлардын саны калктын 30% түзмөк.

Макала Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебининКыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн “COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылды.

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.