Кыргызстан, Бишкек шаары
9 фев 2021

АЧКАЧЫЛЫК ЖАНА COVID ИЧКИ МИГРАНТТАРДЫН ИЗОЛЯЦИЯДА КАЛЫШЫ

АЧКАЧЫЛЫК ЖАНА COVID ИЧКИ МИГРАНТТАРДЫН ИЗОЛЯЦИЯДА КАЛЫШЫ
Бурул, 37 жаштагы мигрант аял, ал балдары менен 18 жылдан бери ижарага алынган бөлмөдө жашайт. Ал Кыргызстандын борборунда жайгашкан, Борбор Азия боюнча “Дордой” ири дүң базарында пирожки жана нан жасап сатуу менен тиричилик кылат. Ал ижарага алган бөлмө базардын соода темир контейнерлериндеги убактылуу үйдө жайгашкан. Бул жерде андай бөлмөлөр үч көчө болуп жайгашкан жана көчөнүн аттары деле жок. Так ошол райондо Дордойдон күнүмдүк акча таап жашаган ички мигранттардын көбү күн көрүшөт.
Окуянын түрү:
COVID-19
Окуянын мүнөзү:
  • акчанын жоктугунан ачкачылык
  • дарылар жеткиликсиз
  • маянанын, жашоого каражаттын жоктугу
  • медициналык кызматтарга жеткиликсиздик
Окуянын датасы:
15 мар 2021
Болгон жери:
Кыргызстан, Бишкек шаары
Ким жабыр тартты:
ички мигранттар
Жабыр тарткандардын саны:
22
Жарыяланган датасы:
9 фев 2021

Бурул,  37 жаштагы мигрант аял, ал балдары менен 18 жылдан  бери ижарага алынган бөлмөдө жашайт. Ал Кыргызстандын борборунда жайгашкан, Борбор Азия боюнча “Дордой” ири дүң   базарында пирожки жана нан жасап сатуу менен тиричилик кылат. 

Ал ижарага алган бөлмө базардын соода темир контейнерлериндеги убактылуу үйдө жайгашкан. Бул жерде андай бөлмөлөр үч көчө болуп жайгашкан жана көчөнүн аттары деле жок. Так ошол райондо Дордойдон күнүмдүк акча таап жашаган ички мигранттардын көбү күн көрүшөт.

«Пандемия жана карантиндин келиши менен коронавирус менен оруп калуу коркунучу эмес, ачкачылыктан өлүү коркунучу күчтүүрөөк болду,- дейт Бурул. – Эки куту макаронду жана жарым бөтөлкө суу майды бир нече жумага жеткирүү  керек болду».

Анын бардык кошуналары ушинтип же пирожки сатышат же куту чогултуу менен жан багат.

Эки кичинекей баланын энеси Назгүл, кээ күнү такыр ач калган күнүбүз болду – деп эскерет.

«Бизде каткан акча деле жок эле, бардык акчаны карантин башталганда эле коротуп салганбыз. Биз жегенге тамак жок болгондо  эптеп чыдадык, а балдар – ыйлашты».

Бишкектеги 2020-жылдын март-апрель айындагы өзгөчө кырдаалдын артынан киргизилген карантин учурунда «Дордой» эгемендиктин 28 жылдан бери биринчи жолу ишин токтотту. Миңдеген соодагерлердин, анын ичинде ачкачылыктын чегинде жашоочу  ички мигранттардын армиясы  ишинен айрылды.

Гуманитардык жардам бөлүштүрүү боюнча ошол райондо штаб ачкан  активист-ыктыярчылар карантинге чейин ал жерде канча ички мигрант жашап жатканын билбегендигин айтып беришти.

«Биз тизме түздүк, баш-аягы 8000 үй-бүлө болду,- дейтбир активист. – бирок гуманитардык жардам өтө аз болду, бир көчөгө 3-5 пакеттен эле бөлүп жаттык көбүнө жетпей да жатты».

КР Улуттук статистиканын маалыматы боюнча 2019-жылдын аягында өлкөдө жакырлардын саны 20%ды түзгөн. Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн болжолдоосу боюнча Кыргызстандагы жакырчылык 5%дан ашышы мүмкүн.

Макала Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин “Кыргызстандагы аялуу топторго жардам берүү үчүн “COVID жана дискриминация” чакырыгына маалымдуулукту жогорулатуу» долдоорунун алкагында жазылды.Бул басылма Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин жоопкерчилик предмети болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт